Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Жапаров менен Минниханов мамлекеттик тузүмдөрдү санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашты.
"Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Кеп пандемиядан соң жандана баштаган курулуш тармагы, айыл чарба техникасынын лизинги, баалуу кагаздар рыногу жана өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Кыргызстан экономиканы ыкчам өстүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулууда", - деди Жапаров.
Татарстандын президенти Рустам Минниханов иш сапары менен Кыргызстанга 18-ноябрда келди. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Мындан тышкары, Минниханов кыргыз-татар ишкердик форумуна да катышты. Ушундай форум 2015-жылы өткөн.
Кыргызстанда СССР убагында 50 миңден ашуун татар улутундагы адамдар жашаган. Кыргыз-татар достук коомунун 2015-жылдагы эсебине ылайык, өлкөдө 30 миңге жетпеген татар тектүүлөр жашары маалым болгон. (КЕ)
Дагы караңыз
Бишкекте "Кыргызстан 30+" форуму ишин баштадыЖапаров Кыргызстанда кол тийбес адам жок экенин айттыЗулушев пара алууга шек саналып кармалган прокурор үчүн президенттен кечирим сурадыПрезидент Жапаров прокурорлордун маянасы көтөрүлө турганын айттыКоронавирустан эки бейтап каза болуп, 53 учур жаңы аныкталдыАрмения менен Азербайжандын лидерлери декабрда Брюсселде жолукмай болду