Шайлоо-2021: Шаршенбек Абдыкеримов талапкерлигин алып салды

Шаршенбек Абдыкеримов

№33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шаршенбек Абдыкеримов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Ал бул тууралуу 19-ноябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда эл менен жолугушканда билдирди. Абдыкеримов бул чечимин "ар ким өз иши менен алектенүүсү керек" деп түшүндүрдү.

Азырынча БШК бул тууралуу комментарий бере элек.

Абдыкеримовдун талапкерлигин №33 Нарын шайлоо округунан өзү негиздеген "Кыргызстан" партиясы сунуштаган. Абдыкеримов Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынан депутаты жана "Аю холдингдин" ээси.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Дагы караңыз

Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевди актадыАКШ: Конгресске Путиндин 2024-жылдан кийинки президенттигин тааныбоо сунушталдыМомбековдун диплом чырына чекитти сот коет