Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

АКШ: Конгресске Путиндин 2024-жылдан кийинки президенттигин тааныбоо сунушталды


Орусия. Подольск шаарындагы шайлоо тилкесинде Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү. 1-июль, 2020-жыл.
Орусия. Подольск шаарындагы шайлоо тилкесинде Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү. 1-июль, 2020-жыл.

АКШда эки конгрессмен – Теннесси штатынан демократ Стивен Коэн жана Түштүк Каролинадан республикачы Жо Уилсон - Конгресстин Өкүлдөр палатасына "Орусиянын президенти Владимир Путиндин кызматта калуу аракетинин мыйзамдуулугун АКШ тараптан тааныбоо" боюнча резолюциянын долбоорун сунушташты.

Анда Владимир Путиндин соңку президенттик мөөнөтү 2024-жылдын 7-майында аяктай турганы көрсөтүлгөн.

Владимир Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жоюу боюнча Орусиянын Баш мыйзамына киргизилген оңдоолор ага 2024-2030-жылдары дагы президенттикке кайра шайлануусуна мүмкүнчүлүк берчү ченемдер экени көрсөтүлдү. Ошондуктан америкалык конгрессмендер ал ченемдер Орусиянын эл аралык милдеттенмелерине каршы кабыл алынган деп эсептешет. Ошондой эле, буга байланыштуу былтыр болуп өткөн бүткүл элдик добуш берүү ири масштабдагы бурмалоолор менен коштолгону белгиленди.

Ошол эле учурда конгрессмендер "Голос" кыймылынын (Орусияда "чет элдик тыңчы" деп таанылган) баяндамасына шилтеме жасап, түзөтүүлөрдү колдоо үчүн референдумда болжол менен 27 миллиондон ашуун бюллетень үкөктөргө ашыкча ыргытылганын айтышат.

Ошондой эле, түзөтүүдөгү текстте фактологиялык ката бар экени - анда Владимир Путин азыр 2012-жылы башталган экинчи президенттик мөөнөтүндө иштеп жатканы айтылат. Ал эми так эсеп боюнча Владимир Путин иш жүзүндө төртүнчү президенттик мөөнөтүндө отурганы конгрессмендердин сунуштамасында жазылган.

Владимир Путин 1999-жылы президенттин милдетин аткаруучу болуп, андан бери Дмитрий Медведевдин төрт жылдык (2008-2012-жылдары) президенттиги маалындагы тыныгуусун эске албаганда ошондон бери жогорку кызматты ээлеп келгени белгиленди.

Эгерде бул резолюция кабыл алынса, ал кеңеш берүүчү мүнөзгө гана ээ болот.

Орусиянын Федералдык Кеңеши эгер Конгресс резолюция кабыл алса, ал “Орусия менен АКШнын мамилесинин бузулушуна алып келет” деп билдирди. Документтин өзү болсо “шайлоого кийлигишүү” деп аталды.

Путин 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниети бар же жок экенин азырынча айта элек. Ал президенттик мөөнөттөрүн "жоюп салып" кайра жаңы эсепти баштаган түзөтүүнү кабыл алуунун зарылдыгын өлкөнү туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

Анын бул айткан сөзүнөн байкалып тургандай, эгер мамлекеттик чиновниктер анын 2024-жылдын май айында президенттиктен сөзсүз түрдө кете турганын билишсе, "Орусияда бийлик үчүн күрөш башталып, саясий туруксуздукка алып келип, өнүгүүгө тоскоол болот" деген кооптонуу президент Путиндин буга байланыштуу жообунда көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG