Ошто парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер биргелешкен меморандум кабыл алышты. Алар 19-ноябрда жыйынга чогулуп, добуш сатып алууга жана административдик ресурстун колдонулушуна жол бербөөнү макулдашышты.
Жыйынга партиялык тизме менен жана бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлер, Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
Үгүт учурунда катталып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу сөз болуп, окуучулардын үгүткө катышуусу, мамлекеттик кызматкерлердин аралашуусу сыяктуу көрүнүштөр бар экени, мындан ары эрежелерди сактоо керектиги айтылды.
БШК жана укук тартибин коргоо органдарынын жыйында айтылган маалыматына караганда, өлкө боюнча шайлоо мыйзамдары бузулган фактылар Ош жана Бишкек шаарларында көбүрөөк катталууда.
Ош облусунда бир мандаттуу тогуз округ ачылган.
28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.
Шайлоону таза өткөрүү тууралуу меморандум юридикалык мүнөзгө ээ эмес, ал адатта талапкерлер ортосундагы "мырзалык келишим" катары кабыл алынып жүрөт. (DU)
Дагы караңыз
Тажик абагындагы студент бошотула элекКоронавирус жуккан дагы үч адам көз жумдуДепутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакырылдыТатарстандын президенти Кыргызстанга келди