Таласта катуу шамалдан терек кулап бир киши мерт болду

Кырсык болгон аймак.

Талас облусунда 17-ноябрда болгон катуу шамалдан эки терек кулап, 46 жаштагы киши мүрт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымат таратты.

Шамал Талас айылындагы Цыренин атындагы орто мектептин спорт залынын 120 м2 чатырын, Көк-Дөбө айылындагы Дүйшөнбиев атындагы мектептин 30 м2 чатырын учуруп кетти. Бала-Саруу айылынын “Бала-Саруу” мектебинин чатырынын 100 м2, Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев орто мектептин 120 м2 чатыры жабыркады.

Кырсык болгон аймакта Манас районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.

Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматы боюнча, райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы 20-25 м/с түзгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөнбү?Президент сот бийлигинин ишин жөнгө салган мыйзамдарга кол койдуЮстиция министрлиги: Кыргызстан “Скай Мобайл” боюнча арбитраждык ишти жаптыАба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтБишкекте абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча комиссия түзүлдү