Конституциялык жаңы мыйзамдарга негизделген парламенттик шайлоо пропорционалдык жана мажоритардык (аралаш) системага ылайык өтөт. Анда шайлоочуларды, талапкерлерди кандай мүмкүнчүлүктөр, тобокелчиликтер күтүп жатат? Шайлоо жараянында талапкерлерге тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлдүбү?
“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издейт. Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова жана Орусиянын Түмөн облусундагы кыргыздардын “Биримдик” диаспорасынын башчысы Канзада Сманова катышат.
Узарбек Жылкыбаев: Бизге быйылкы үгүт өнөктүгү мурдагыларга караганда тынчыраак өткөндөй сезилип жатат. Анткени, конституциялык мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөрдө бир топ тыюу салуулар бар. Мектептерде, бала бакчаларда, мечиттерде, ооруканалардын жанында үгүт болбосун, тоонун боорлоруна партиянын же талапкердин аттары жазылбасын деген сыяктуу. Эң негизгиси комиссиялар, укук коргоо органдары, жарандык активисттер мыйзам бузууларды катуу көзөмөлгө алууда. Дагы бир көрүнүш - шайлоо кору аркылуу кеткен каражаттар да мурункудай коротулбагандай. Олигархтык топтордун көбү деле шайлоого катышпагандай көрүнөт. Бүгүнкү күнү реестрге кирген 81 арыз бар. Анын 28и - добуш сатып алууга аракет, үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар. Административдик ресурсту колдонуу аракети боюнча 15тей арыз түштү.
Айнура Усупбекова: Биз мыйзамды жаңы кабыл алганда жаңы системага каршы чыкканбыз да. Бул жаңы системаны талапкерлер жакшы билбегендиктен мүчүлүштүктөр чыгууда. Үгүт кампаниясы татаал болуп жатат. Мисалы, пропорционалдык система менен бараткандар “мурда партиялар ичинде бир казанда кайнасак, эми ар кимибиз өзүбүз үчүн кампания жүргүзүп жатабыз” деп жатышат. Каржылоо маселеси боюнча лидерлердин башы катып, чыр-чатактар чыгууда.
Экинчиден, үчүнчү жумага кетип жатканда гана үгүт кампаниясы кызыды. Кечээ УКМКга сурак берген талапкердин кейсин дагы бир сыйра карап чыктык. Негизи, добуш сатып алуу менен административдик ресурска каршы күрөшкө президент баштап катуу көзөмөл кылып жаткан кезде бардык талапкерлерге бирдей укук берип, бирдей көзөмөл кылуу керек. Биз көрүп жаткандай, кээ бир талапкерлерди укук коргоо органдары деле жумшак белгилеп, катуу чара көргөн жери жок. Ошол эле учурда кечээги кейс бизге да чоң суроо жаратууда. Мисалы, ИИМ системасы боюнча укук коргоо органдары бул механизмди карап чыгып, көзөмөлгө алып, чечим чыгарышка толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жакта УКМК тарабынан жаш балдардын да, талапкердин да суракка чакырылышы басым катары саналат. Эрежелер сакталбай калып жатат.
Бул талапкер парламенттеги ишмердиги боюнча деле оппозициялык деп эсептелет да. Ошого жараша укук коргоо органы иш алып барууда деп, биз далилдесек да болот. Анткени, үгүт кампаниясында бардык талапкерлерге көз салыш кыйын. Ошондой шартта жеке бир талапкерди жаш баланы кошуп сууруп алганы бир нече суроолорду жаратат. Биз билебиз, бир мандаттуу системадан Октябрь районунда саясатта белгилүү бир-эки талапкер кетип баратат. Бул кейсти биз көзөмөлгө алып жатабыз.
Узарбек Жылкыбаев: Бул эми бир эле жерде эмес, башка жерде да болушу мүмкүн. Биз үгүт жүргүзүүдө талапкерлери сак болгула деп эскертип жатабыз. Талапкерлер өздөрү бир илинчекке илинип калгандай болуп атат. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттарынын арасында, мисалы, өздөрү мектептин аймагында жыйын болбойт деген мыйзамды билбей калыптырбыз дегендер бар. Мыйзамды билбейм деген мыйзам жоопкерчилигинен куткарбайт да. Айнура айым айткандай, үгүт эми кызып атат.
Айнура Усупбекова: Азыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу мыйзамдын аткарылышына бийлик көп тараптуу көзөмөл жүргүзүүдө. Андан тышкары жаңы мыйзамда мамлекеттик кызматтагылар шайлоого катышпайт деген эреже бар. Ага ылайык, спикер баштагандарга кейс чыккан. Бирок БШКнын мындай чечимин жокко чыгарып, соттор алардын катышуусуна жол ачып берди. Кээ бир талапкерлерде мүмкүнчүлүк болсо дагы сот жол бербей атат. Мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге ар кандай мамиле болууда. Менин айтайын дегеним, биздин шайлоо өнөктүгүндө түзүлгөн эң мыкты процедураларды добуш сатып алуулар менен административдик ресурс жокко чыгарып коюп жатат.
Канзада Сманова: Бизде шайлоо участогу ачылган. Бирок шайлоочуларда ишенбестик бар. Биз минтип талаалап жүрөбүз, бизге эмне кылып коюшту эле дегендей мамлекет башчыга, өлкөгө, мурдагы депутаттарга кош көңүл маанай бар. “Убактыбыз жок”, “Шайлоого бара албайбыз” деген жоопторду көп уктум. Албетте, “Шайлоо мезгили келди, добуш берели” дегендер да аз эмес. Жердештердин жана башка бирикмелери, коомдору аркылуу добуш берүүгө үндөп жатабыз. Бирок, бизде саясий партиялардын үгүт иштери байкалган жери жок. (БШК: Орусияда 70 миң шайлоочу бар – ред.)
Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз: