Кыргызстандын муфтийи Өзбекстанга барды

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев Өзбекстанга барды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Замир Ракиев, аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев баштаган делегация Өзбекстанга сапар менен барды.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз делегациясын Өзбекстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Хамиджан Эшматбеков, Анжиян облусунун казысы Мырзамаксым Алимов баштаган дин кызматкерлери тосуп алышты. Алар өзбек муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаровдун саламын айтышты. Жолугушууда тараптар кызматташууну, эки мамлекеттин ортосундагы ынтымакты, достук мамилени жана дин башкармалыктар ортосундагы алаканы мындан дагы бекемдөөнү сүйлөштү.

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчи (муфтий) болуп жакында Ташкенттин башкы имам-хатиби Нуриддин Холикназаров шайланган.

Ал Анжияндан Ошко көчүп келип, шаарда имам, кийин бир канча мезгил Кыргызстанда казы болгон Орто Азияга белгилүү диний аалым Шафоат ажы Холикназаровдун небереси экени айтылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанда он айда 70 эстремисттик сайтка, 10 аккаунтка бөгөт коюлдуЖороев: Шайлоодон кийинки ыңкылап ыктымалдыгы жок, ич ара чырларды жөнгөрүү оор болотБишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шек саналып кармалдыPfizer коронавируска каршы таблеткаларды өндүрөт