“Кыргызкөмүр”: Кара-Кечеде абал тынч, көмүрдү арзан сатуу иши улана берет

Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кече кенинде кандайдыр бир нааразылык акциясы болуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Мекеменин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып кенде абал тынч экенин айтты жана көмүр ташыган айдоочулардын нааразылыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

“Себеби алар бир күндө 150 миң сомго көмүр сатышчу. Анын 80 миңи чөнтөгүнө таза киреше болуп турчу. Ошого байланыштуу алар каршылык ойлорун айтып жатышат. Биз онлайн камерадан көзөмөлдөп жатабыз. Ал жакта эч кандай ызы-чуу жок. Фейк маалыматтарды чыгарып жатышат. Бул ортомчулардын көмүрдү кымбат сатуу аракети деп кабыл алабыз. Калкты да жалган маалыматка ишенбөөгө чакырабыз”.

Зоотбекова көмүр ташуу үзгүлтүккө учурабаганын, арзандатылган баада сатуу иши улана берерин кошумчалады.

16-ноябрда тартылып, Интернетте бүгүн тарап жаткан видеодон көмүр кенинде айдоочулар 3 миң сом деген баа алардын чыгашасын жаппай турганын айтып жатканын көрүүгө болот.

16-ноябрда Бишкекте Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштап, алармандар миңге чукулдагандыктан кошумча кампа ачылган. Көмүр Бишкекте ушундай баада сатыларын 15-ноябрда президент Садыр Жапаров убада кылган.

Суук түшкөнү көмүр Бишкекте 6-7 миң, республиканын түштүк аймагында 8-10 миң сом сатыла баштаган. (RK)

Дагы караңыз

"Жол кырсыгына кабылгандарга реабилитациялык жардам жок"Тажик абагында отурган Артыковдун үй-бүлөсү жардам сурайт Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себептериЖороев: Шайлоодон кийинки ыңкылап ыктымалдыгы жок, ич ара чырларды жөнгөрүү оор болот