Армениянын президенти Николь Пашинян азери аскерлерин "чек араны бузду" деп айыптады. Өткөн ишемби-жекшембиде Ереван менен Баку ок атышпоо келишимин бузгандыгы үчүн бири-бирине доомат артышкан. 15-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн Пашинян «Азербайжан менен чек аранын чыгыш бөлүгүндө азери аскерлери Армения жумуриятынын аймагына кирип келишкенин» билдирди. Баку тараптан азырынча комментарий түшө элек.
Премьер-министр канча аскер чек араны бузганын тактаган жок, бирок ал окуя үчүн коргоо министри Аршак Карапетянды иштен алганын жарыялады. Карапетян бул кызматка быйыл августта дайындалган. Анын ордун вице-премьер министр Сурен Папикян ээледи.
Армения менен Азербайжан былтыр күзүндө 44 күн Тоолуу Карабак анклавынын айынан согушкан. Ошондон бери ортодо чыңалуу улам курчуган учурлар катталып келатат.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: Бул шайлоо - беш жылга карата акыркы саясий процесс Шайлоо: Сузактагы талашта президенттин аты аталды Садыр Жапаров: ЖЭБ-2нин жанындагы тилкелер жакында мыйзамдаштырылат Ооганстанда улуттук валютанын куну төмөндөдүИликтөө: пандемияда витаминдүү эмес, калориялуу азыктарга басым жасалып калды