Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Кыргызстандын Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынын кыргызстандыктардын турмушуна, азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча биргелешип жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда пандемия аялуу тургундардын, өзгөчө шаар аймактарында жашагандардын азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратканы белгиленген.
"COVID-19га байланыштуу жакырчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануу боюнча анализ, Кыргызстандагы социалдык коргоонун ролу" деп аталган баяндама өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки маалыматка таянат. Эки статистиканы салыштырып караганда, калктын киреше булактары төмөндөгөнү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын көрсөткөн. Эл негизинен жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышкан.
Изилдөөгө ылайык, пандемиядан улам чыккан экономикалык кризис Кыргызстанда жакырчылыкка баткан жана жумушсуз калган кишилердин санын көбөйгөн.
"Ошондой эле, азык-түлүк сатып алуу үчүн карызга акча алуудан тышкары, мүлк сатуу, чыгымдарды кыскартуу жана гуманитардык жардам сураган үй-бүлөлөрдүн саны өстү. 2020-жылды 2021-жылга салыштырганда, мындай стратегияны кабыл алган үй-бүлөлөрдүн саны 12 пайыздан 36 пайызга жогорулады. Мындан улам, бул үй-бүлөлөр келечектеги соккуларга туруштук бере албай калат, азыркы жана келечектеги иштөө жөндөмүнө жана турмуш-тиричилигине коркунуч жаратат", - деп жазылат БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тараткан маалыматта.
Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүктүн жана күндөлүк турмушка керектүү товарлардын наркына да таасир этти. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоону эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалар өсүшү ыктымалдыгын эскерткен. (КЕ)