Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катталган дагы эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу 15-ноябрда “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, талапкерликтен баш тартуу тууралуу арыз жазгандар 23кө жетти. Ошентип, расмий катталган 321 талапкердин арасынан бүгүнкү күндө 298и калды.
28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.
Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын 21и ат салышуусун улантууда.
Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)
Дагы караңыз
Балыкчы-Каракол жолунун курулушунун биринчи этабы 90% аяктадыМаматалиев Кадр кызматынын директорлугунан бошотулдуИИМ шайлоо мыйзамдарын бузган 128 факты катталганын билдирдиПольшанын бийлиги чек арадагы миграциялык кризис боюнча НАТОго кайрылды