Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:28

ИИМ шайлоо мыйзамдарын бузган 128 факты катталганын билдирди


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 128 факты катталганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул аралыкта 28 кылмыш катталды. Жазык кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") боюнча 21 факты, 82-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча 2 факты, 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча 2 факты, 355-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") боюнча 1 факты, 145-беренеси ("Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу") боюнча 1 факты, 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча 1 факты тиркелди.

25 факты Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”), 87-1-беренеси (“Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”), 94-беренеси (“Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу”) жана 90-беренеси (“Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо”), 66-беренеси ("Ден соолукка жеңил зыян келтирүү") боюнча катталган.

Мындан тышкары Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган. Анын ичинен 43ү номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына - 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG