Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун алгачкы 25 чакырымын куруу боюнча иштер 90% бүткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, азыр көпүрө, түтүктөр курулууда. Курулуштун жүрүшүн Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көрүп чыкты.
Дээрлик жарым кылымдан бери оңдолбой келген жолдун жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган, президент Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча, “Кумтөрдүн” акчасына курулары айтылган жолдун жаңылоо иштери быйыл августта башталган. (RK)
Дагы караңыз
ИИМ шайлоо мыйзамдарын бузган 128 факты катталганын билдирди16-ноябрдын аба ырайыМаматалиев Кадр кызматынын директорлугунан бошотулдуАкылбек Жапаров Кумтөргө барып келди