Эквадор түрмөсүндөгү тополоңдо 70тей адам мерт кетти

Түрмөнүн сыртында турган аскерлер. Эквадор. 30-сентябрь, 2021-жыл.

Эквадор бийлиги билдиргендей, түрмөдө тутанган тополоңдо кеминде 68 адам мерт кетип, 20дан көбү жаракат алды.

Гуаякиль шаарындагы түрмөсүндөгү ызы-чуу 12-ноябрдын кечинде башталган. Буга ичиндеги топтордун таасир талашуусу түрткү болгон. Тополоң 14-ноябрга чейин уланды. Полиция түрмөнүн ичинен курал-жабдыктарды, жардыруучу заттарды тапкан.

Президент Гильермо Лассо «Твиттер» аркылуу жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтып, «мафия менен күрөшүү үчүн жаңы чаралар» зарыл экенин белгиледи.

Жыл башынан бери Эквадордо түрмөлөрдөгү тополоң 300дөй адамдын өмүрүн алды. Сентярь айында эки топтун жаатташуусунан 100дөй киши көз жумган. Ушул ай башында эле Литорал түрмөсүндөгү атышуудан дагы үч киши каза болду. Аталган түрмө 5300 адамга эсептелгени менен ушул тапта ал жакта 8500 жазасын өтөп жатат.

Дагы караңыз

"Бир дүйнө Кыргызстан" реформаларды талкуулаган диалог уюштуратАчкачылык кармаган Саакашвили алдан тайганы кабарландыАла-Бука: Кыргыз-өзбек чек арасында эскертүү иретинде ок атылды