12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту.
Анда өлкө башчылары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөштү.
Садыр Жапаров менен жолуккан Шавкат Мирзиёев эки тараптуу кызматташу, анын ичинде соода-экономикалык багытка басым жасап, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгиледи.
Жолугушууда Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз болуп, өзбек президенти каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыгуусун билдирди.
Бүгүнкү саммитте болсо Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүнө жана келечегине байланыштуу маанилүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө. Ошондой эле, Түрк Кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими каралат. (ElB)
Дагы караңыз
Коргоо министри: "Байрактарды" сатып алуу УКМК аркылуу жүргүзүлөтТажикстанда кармалып турган Артыковдун туугандары митингге чыкты13-ноябрда күн ачык болот"Жалпы иш" уюму: шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө 80дей билдирүү түштү