Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:47

"Жалпы иш" уюму: шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө 80дей билдирүү түштү


"Жалпы иш" коомдук уюму өлкөдө 25-октябрдан 12-ноябрга чейин шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун мүмкүндүгү жөнүндө 79 билдирүү түшкөнүн кабарлады. Алардын ичинен үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу 67, административдик ресурсту колдонуу боюнча 7 билдирүү түшкөн.

Байкоочулардын билдирүүлөрү "Жалпы иш" коомдук уюмунун серепчилери тарабынан текшерилет. Мыйзам бузуулар тастыкталган учурда тийиштүү органдарга арыз жөнөтүлөт. Уюмдун жалпы 72 байкоочусу бар.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система аркылуу парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG