Коргоо министри: "Байрактарды" сатып алуу УКМК аркылуу жүргүзүлөт

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Түркияда жасалган "Байрактар" дрондорун сатып алуу иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди:

"Байрактар" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аркылуу алынат. Ал аскердик техниканын баары эмнеге керек – өз багыты бар. Ал жагынан пландын негизинде иш жүрүп жатат".

Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алчу учкучсуз аппарат. (RK)

Дагы караңыз

13-ноябрда күн ачык болотКлиматтык апааттан кайда качабыз?"Жалпы иш" уюму: шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө 80дей билдирүү түштүДары арзандайт, өкмөт бааны кантип көзөмөлдөйт?