Жалал-Абадда барар жери жоктор үчүн атайын түнөк жайы иштеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында барар жери жок адамдар үчүн атайын түнөк үйү 1-ноябрдан баштап иштей баштады. Мында эки бөлмөдө 15 орун даярдалып, аялдар менен эркектер өз-өзүнчө жаткырылат. Түнөк үйгө кайрылган жарандарга бир маал ысык тамак да берилет.

Түнөк үй бир топ жылдан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулуп келет. Аталган имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карамагындагы стадиондо жайгашкан. Анын үч бөлмөсүн кайрымдуулук борбору барар жери жок адамдар үчүн жатакана катары пайдаланып келет.

Расмий маалыматтар боюнча Жалал-Абадда орто эсеп менен 50гө чамалуу барар жери жок адамдар катталган. (TB)

Дагы караңыз

Ошто тилемчиликке мажбурланган эки өспүрүм мамлекеттин карамагына алындыСадыр Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды"БШК арыздарды кечигип карап жатат"Ошто чыгармачыл жаштар үчүн борбор курулуудаМинск мигранттарга толдуСаакашвили ачкачылыкты токтотууга даярдыгын билдирдиИрандагы кандуу окуялардын күбөлөрү Лондон сотунда көрсөтмө бериштиОрусиялык Александр Жуков Нью-Йоркто он жылга кесилди