Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

Орусиялык Александр Жуков Нью-Йоркто он жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Бруклиндеги федералдык соту 41 жаштагы Орусиянын жараны Александр Жуковду кибершылуундукка айыптап, он жылга эркинен ажыратты.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигинин сайтына чыккан маалыматка ылайык, Жуков 2014-2016-жылдары Media Methane деген жарнама сатуучу компания аркылуу америкалык ишканаларга жети миллион долларлык зыян келтирген.

Сот ошондой эле Жуковду кенемте катары 3,8 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.

Соттук жараян маалында өзүн «Шылуундар падышасы» атаган Жуков тагылган айыптарды моюнга алган жок.

Александр Жуков Американын суранычы менен 2018-жылы Болгарияда кармалып, АКШга экстрадицияланган. Андан башка дагы беш орусиялык жана эки казакстандык жаранга кибершылуундукка байланыштуу айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG