ИИМ шайлоо эрежесин бузган 73 факты катталганын билдирди

ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 73 факты катталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 19 факты Жазык кодексинин 192-беренеси (“Шайлоочуларды сатып алуу”), 182-беренеси (“Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу”) жана 200 –беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталды.

17 факты Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”), 87-1-беренеси (“Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”), 94-беренеси (“Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу”) жана 90-беренеси (“Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо”) боюнча катталган.

37 иш маалыматтарды каттоо журналына алынып, тийиштүү териштирүү жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги айрым аймактарда административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, териштирилип жатканын белгиледи. Милиция социалдык тармактарды, медиага мониторинг кылып жатканын билдирди. Ички иштер министрлиги кырдаалды туруксуздаштырууга жол берилбестигин жана тартип бузгандар мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертүүдө.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (TSh)

Дагы караңыз

Малала Юсуфзай турмушка чыктыТашиев: Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбагандар жазаланатСаакашвилинин соту башталды, 46 киши кармалды