Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Малала Юсуфзай турмушка чыкты


Малала Юсуфзай.
Малала Юсуфзай.

Нобель сыйлыгынын лауреаты, Пакистанда кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн Малала Юсуфзай турмушка чыкты. Бул тууралуу ал өзү Twitter баракчасына жазды.

Малала болочок күйөөсү Ассер Малик менен Британияда мечитте нике кыйдырышканын, үйлөнүү үлпөтү Бирмингемде ата-эне жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөнүн жазды. Анын билдирүүсүнө бир нече саатта эле 160 миңден ашуун киши "жакты" белгисин калтырган.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде ал кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн. Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста атып кетишкен.

Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген.

2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийинчерек Улуттар Уюмунун эң жаш элчиси болгон.

Малала кыздардын билим алуусу үчүн ишин улантып, Malala Fund аттуу уюм түзгөн. Бул уюм 2017-жылдан бери Ооганстандагы балдардын билим алуусуна 1,9 млн доллар инвестиция салган.

XS
SM
MD
LG