Төрт астронавт Жерге кайтып келди

АКШ, Франция жана Жапониянын астронавттары.

SpaceX капсуласы Эл аралык космос кемесинен Жерге, Мексика булуңунун Флоридадагы жээгине төрт астронавтты аман-эсен жеткирди.

Эки америкалык, бир француз жана жапондук астронавттан турган экипаж 8-ноябрда орбитадан суурулуп чыгып, сегиз саатта жерге келип конду.

“Космоско Франциянын атынан учуп барып келгениме сыймыктанам. Кийинки аялдама – Айбы?”, - деп жазды Твиттерге франциялык астронавт.

НАСА билдиргендей төрт астронавт космостогу кемеде беш айдан ашык жүрүп, андагы күн панелдерин жаңыртууга жардам беришкен. Космос кемесине уча турган кийинки экипаж алардын айрым мүчөлөрүнүн ден соолугунан улам өз убагында кете албай калган.

Алар космоско 10-ноябрда учары күтүлүүдө. Ага чейин станциянын ишине эки орусиялык жана бир америкалык астронавт көз салып турмакчы.

Дагы караңыз

БШК "Клооп" боюнча толук чечим чыга электигин билдирдиШайлоо-2021: БШКга мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштүУкраинада англис тилинде чыккан басылма жабылдыШайлоо: Талапкерге берилген акча талкууну күчөттү