УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди

Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9-ноябрдын таңында кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактагы Кыргызстандын жаранына таандык сарайдын өрттөнүшү боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, таңкы саат 05:30дар чамасында Баткен районунун Дахма аймагында мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан сарай күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бир саатка жакын убакытта өрттү өчүргөн.

"Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта. Өрттүн келип чыгуу себептерин тийиштүү мекемелер териштире баштады.

Ушул тапта ошол аймакта жүргөн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев сарайдын 120 чарчы метрдей жери күйгөнүн, аймакта кырдаал тынч экенин "Азаттыкка" ырастады.

Быйыл апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны көз жумганын билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Дагы караңыз

Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тарттыГермания Евробиримдикти Польшанын чек арасын кайтарууга жардам берүүгө үндөдүКамчаткадагы Карым жанар тоосу козголдуБаткендин акими Өзбекстан чек арадагы чарбалык иштерин токтотконун билдирдиКоронавирустан эки бейтап каза болуп, 54 учур жаңы катталдыСаакашвили түрмөдөгү ооруканада зомбулук көргөнүн айтып чыкты