Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 54 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2691ге жетти. Акыркы бир суткада 54 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда. Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 25
  • Чүй облусу – 1
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 4
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 13
  • Жалал-Абад облусу –7
  • Баткен облусу - 2

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 936 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 576 адам, 815 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 804 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG