Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты

Аалы Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Маалыматка караганда, БШК Карашевдин арызын 8-ноябрда карап, каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды. Карашев №12 Өзгөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон эле.

Ушуну менен бир мандаттуу округдардан шайлоого бараткан талапкердердин саны 310 болду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия талапкер катталган.

Дагы караңыз

Германия Евробиримдикти Польшанын чек арасын кайтарууга жардам берүүгө үндөдүКамчаткадагы Карым жанар тоосу козголдуБаткендин акими Өзбекстан чек арадагы чарбалык иштерин токтотконун билдирдиКоронавирустан эки бейтап каза болуп, 54 учур жаңы катталдыСаакашвили түрмөдөгү ооруканада зомбулук көргөнүн айтып чыкты