Камчаткадагы Карым жанар тоосу козголду

Кумбре-Вьеха вулканы. Канар аралы, Испания. 29-октябрь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Карым вулканы 8-ноябрь күнү козголуп, деңиз деңгээлинен 4,5 чакырым бийиктикке күл чачкан. Орусиянын Вулканология жана сейсмология институту маалымдагандай, күлдөн пайда болгон булуттар жанар тоодон түштүк-чыгыш тарапка 284 чакырым аралыкка чейин тарады.

Бул жолу вулкандан авиация үчүн коркунучтуу болуп саналган мала кызыл түстөгү күл - чок атылып чыкканы айтылууда.

Бийиктиги 1,5 чакырым болгон Карым жанар тоосу Камчаткадагы активдүү вулкандардын бири.

Дагы караңыз

Кытайдын бийлиги укуругун узартууга аракет көрүүдөСаакашвили түрмөнүн ооруканасына которулду7-ноябрь - мааниси өзгөргөн майрам  "Центерра" Кумтөрдөгү алтын өндүрүшүнөн шек санады"Клооп Медиа" БШКнын чечими боюнча сотко кайрылдыПольша мигранттардын агымына байланыштуу Беларус менен чек арасын бекемдейтШайлоо: Партиялардын тиреши күч алды