Башкаруучу партиянын жылына бир жолу өтчү бул жолку жабык пленумунда Кытай лидери Си Цзиньпин бийлигин дагы узартып, күчөтө турганы күтүлүүдө. Ошол эле кезде Кытай жакынкы болочокто насыялоо, инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрү аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө экономикалык жана саясий таасирин арттырып жатканы айтылууда.
Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 11-ноябрга чейин, дээрлик төрт күнгө созулчу жылдык жабык пленардык жыйыны 8-ноябрда ачылды. Партиянын төрт жүзгө чукул мүчөсү Борбордук комитеттин эсеби боюнча 6-пленумуна жабык жыйылды.
Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин баш катчысы Си Цзиньпин саясий бюронун атынан отчет берди.
"Кытай экономикалык ачыктыкка кадам таштайт"
Мунун алдында өткөн жумада Си Цзиньпин Шанхайда өткөн эл аралык импорттук көргөзмөдө сүйлөп, башка өлкөлөр менен ачык-айкын алака түзүүдө жана пандемиядан жабыркаган дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүдөгү Кытайдын жоопкерчилиги тууралуу жар салган болчу. Буга чейин Батыш өлкөлөрү Кытайды дүйнөлүк экономикада туура эмес, "демпингдик" усулдарды колдонуп, "таза эмес"саясат жүргүзөт деп "соода согушуна" айыптаган.
Эл аралык Varian Medical компаниясынын вице-президенти Чжан Сяо Кытай лидеринин ачыктык тууралуу айтканы таасирдүү болгонун белгиледи:
«Төрага Си өз сөзүндө анда лидерлик жоопкерчилик менен көрөгөчтүк сапаты бар экенин көрсөтө алды. Биз Кытай жарыялаган экономикадагы ачыктык жол-жобосунун күбөсү болуудабыз. Кытай тарап, соңку мезгилде ар бир ири экономикалык иш-чараларды уюштуруп, бардыгын чакырып, эл аралык ишкердиктеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап жатабыз. Кытай ири өлкө катары бул иштерде өзү демилге көтөрүп, жоопкерчиликтүү экенин көргөздү», - дейт эл аралык ишкер чөйрөнүн өкүлү.
"Сыйыртмактан сак болгула"
Ошондой эле Шанхайдагы дүйнөлүк ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү чогулган бул эл аралык импорттук көргөзмөдө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак - бир жол” демилгеси аркылуу айрыкча Африканын, Түштүк Американын, Түштүк Азиянын, Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын бир топ өлкөлөрүнө – инвестициялык жардамдар сунушталып жатканы тууралуу да кеп салган. Бирок Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф У жакында Европага жасаган иш-сапары учурунда Кытай “кайырмагынан” этият болууга чакырды:
«Эгер сиздер "Кытайдан толук көз карандымын" деп ойлосоңуздар, анда тышкы саясатыңыздар бурмаланышы мүмкүн. Эгерде сиздердин иш-аракеттер менен саясатыңыздар жарым-жартылай Кытайга көз каранды деп эсептесеңиз, анда дагы абдан сак жана этият болушуңуздар керек. Ошол эле кезде, албетте, сиздер ишкер кызыкчылыктарга доо кетирүүнү каалабайсыздар. Кытай менен экономикалык алакаларды тереңдетип, кадам таштаардан мурун ойлонуп туруп, «жети өлчөп, бир кесүү керек». Болбосо тышкы саясатта ката кетирип, «кайырмакка» илинүү коркунучу бар», -деди тайвандык башкы башкы дипломат Кытайдын экономикалык, жана саясий таасиринин кесепеттери тууралуу.
Кытай соңку мезгилде Чыгыш Европадагы Венгрия, Румыния, Сербия жана Беларуска ири өлчөмдө насыя берип, ири инвестициялык долбоорлорду киргизген. Бул берилген насыялардын шарттарынын катаалдыгы тууралуу маселе козголуп, аталган өлкөлөрдө Кытай инвестицияларынан баш тартуу демилгеси да көтөрүлүп турат.
Ал эми Кытайдын Коммунисттик партиясынын төрагасы Си Цзиньпин 8-ноябрда ачылган ККПнын Борбордук комитетинин пленумунда партиянын 100 жылдык тарыхый тажрыйбасындагы негизги жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу резолюциянын долбоорун баяндады.
Пленумдун бул жолку резолюциясында эмдиги жылы өтө турган партиянын XX съездинде төрага Си Цзиньпиндин үчүнчү мөөнөтүн камсыздоо шарты да камдалганы кабарланды. Ага ылайык, Си Цзиньпин бийликтеги мөөнөтүн да узартып, үчүнчү ирет шайланары күтүлүп жатат. Буга Кытайдын Баш мыйзамы да жол берет. Анткени 2018-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кытайдын төрагасы болгон Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин баш катчысынын башкаруу мөөнөтү чектелбейт.
Си Цзинпин азырынча өзүнүн мураскерин атай элек. Ошондуктан ал бери дегенде 2027-жылга чейин бийликте болоору күтүлүүдө.
Ал Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Андан бери Шинжаңда, Тибетте жана Гонконгдо саясий, диний жана этникалык мүнөздөгү куугунтуктоолор менен репрессия күчөгөнү белгилүү.