Украинада англис тилинде чыккан басылма жабылды

Kyiv Post басылмасынын сайты.

25 жылдан ашуун убактан бери англисче чыгып келе жаткан көз карандысыз Kyiv Post гезити кожоюну менен эмгек жамаатынын пикир келишпестигинен улам жабылганы айтылууда.

Басылманын ээси жана кыймылсыз мүлк менен иштеген ишкер Аднан Киван сайттын күтүүсүздөн жабылганы тууралуу 8-ноябрда маалымдап, бул "убактылуу" экенин билдирди.

"Качандыр бир кезде гезит кайрадан жакшы жана мыкты болуп чыгат",- деп жазды ал.

Бирок Kyiv Post гезитинин журналисттери билдирүү таратып, гезиттин жабылышына анын кожоюну "редакциялык саясатка аралашканы" себеп болгонун маалымдашты.

Маалыматка караганда, ишкер үч жума мурда ушул эле басылманын украин тилиндеги вариантын да чыгарууну көздөп, ага көзөмөл кылуучу редактор дайындаган. Муну редакция жамааты гезиттин көз карандысыздыгын чектөө аракети деп кабыл алышкан.

Дагы караңыз

Кытайдын бийлиги укуругун узартууга аракет көрүүдөCOVID-19: Орусия менен Украина эмделбегендердин азабын тартууда Саакашвили түрмөнүн ооруканасына которулду7-ноябрь - мааниси өзгөргөн майрам  "Центерра" Кумтөрдөгү алтын өндүрүшүнөн шек санадыПольша мигранттардын агымына байланыштуу Беларус менен чек арасын бекемдейтШайлоо: Партиялардын тиреши күч алды"Клооп Медиа" БШКнын чечими боюнча сотко кайрылды