АКШда үч университет бомба тууралуу билдирүүдөн соң окуу бөлүмдөрүн эвакуациялады

Колумбия университети. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы Колумбия, Корнелл жана Браун университеттери окуу кампустарынын айрым бөлүгүн эвакуациялашканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Колумбия университетинде жардыруу болору тууралуу билдирүүдөн соң, чукул кырдаал жарыяланды. Окуу жайдын Columbia Daily Spectator гезити эки кампус эвакуацияланганын жазды. Кийинчерээк билдирүүлөр жалган болуп чыкты.

Корнелл университети "Твиттердеги" баракчасында окутуучуларды жана студенттерди коопсуз жерде болууга чакырды.

Браун университетинде билдирүүдөн соң бир нече окуу корпусу эвакуацияланганы, полиция иликтөө жүргүзүп жатканы кабарланды.

Жардыруу тууралуу билдирүүлөрдүн артында кимдер турганы азырынча белгисиз.

Дагы караңыз

COVID-19: Австрияда жаңы чектөөлөрдү утурлай вакцинага суроо-талап өстүПермь шаарында түрмөдөгү кыйноону айыптагандар кармалды Иранда ири аскердик машыгуу башталды Ирактын премьер-министри дрон чабуулуна кабылдыШайлоо: Партиялардын тиреши күч алдыКоронавирустан дагы үч бейтап көз жумдуХьюстондо музыкалык фестивалдагы тыгылышта бир канча адам көз жумду