Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Ирактын премьер-министри дрон чабуулуна кабылды


Багдаддын "Жашыл аймагынын" дарбазаларынын бири. 7-ноябрь, 2021-жыл.
Багдаддын "Жашыл аймагынын" дарбазаларынын бири. 7-ноябрь, 2021-жыл.

Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Казыминин Багдаддагы резиденциясы дрон чабуулуна кабылды. Андан өкмөт башчы өзү жабыркаган жок, бирок анын жансакчылары жараат алды. Бул окуя Иракта парламенттик шайлоодон бери чыңалуу өкүм сүрүп жаткан учурда болду.

Ирактын өкмөтү жарыялагандай, Багдаддын бекем тосмолонгон "Жашыл аймагындагы" резиденцияга 7-ноябрга оогон түнү ракета тийген. Ал учкучсуз учуучу аппараттан же дрондон учурулган.

Чабуулдан премьер-министр Мустафа ал-Казыми жабыркаган жок. Бирок анын алты жансакчысы жараат алганы белгилүү болду.

Ирактын өкмөтү премьер-министрге "кол салуу аракети ишке ашпай калганын" билдирди. Бул окуядан көп өтпөй Казыми "Твиттерге" билдирүү жазып, бардык ирактыктарды тынчтанууга чакырды.

Аны улай Ирактын телеканалынан кайрылуу жасап, өз резиденциясын бутага алган чабуулду айыптады.

"Кудайга шүгүр, менин жана мени менен кошо иштегендердин абалы жакшы. Коопсуздук жана аскердик кызматкерлер Ирактын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Коркоктук менен учурулган ракеталар жана дрондор биздин улутубузду жана келечек багытыбызды аныктабайт. Биз улутубузду түптөөнүн, мамлекетти сыйлоонун жана бардык ирактыктар үчүн жакшыраак келечек түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мен бардыгыңарды Ирак үчүн жана Ирактын келечеги үчүн тынч диалогго чакырам", - деди премьер-министр.

Ирактын премьер-министринин телекайрылуусу. 7-ноябрь, 2021-жыл.
Ирактын премьер-министринин телекайрылуусу. 7-ноябрь, 2021-жыл.

АКШ менен Иран чабуулду айыптады

Ирактын коопсуздук кызматындагы булактардын айтымында, премьер-министрдин резиденциясын көздөй Тигр дарыясынын жээгиндеги "Республика" көпүрөсүнөн үч дрон учурулган. Бирок алардын экөө атып түшүрүлгөн.

Резиденция жайгашкан Багдаддын "Жашыл аймагы" катуу кайтарылат жана бул райондо өкмөттүн имараттары менен кошо чет өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан.

Ирактын өкмөтү окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок. Азырынча эч бир топ бул чабуулга жоопкерчилик ала элек.

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Улуу Британия Ирактын премьер-министрин бутага алган бул окуяны айыптады. Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Вашингтон бул чабуулду иликтөө үчүн Багдадга өз жардамын сунуштаганын айтты.

"Премьер-министр жабыркабаганын угуп, көңүлүбүз тынчыды. Биз айыптаган бул ачык террордук акт Ирак мамлекетинин жүрөгүнө багытталган", - деди Нед Прайс.

Коңшу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде да 7-ноябрдагы брифингде Багдаддагы чабуулду айыптап, АКШны кыйыр түрдө күнөөлөп өттү. Ал "Ирактагы коопсуздукту жана прогрессти бутага алган кутумчул аракеттерден" кабардар экенин айтты.

Премьер-министрдин резиденциясыдагы дрон чабуулунан кийинки кырдаал. 7-ноябрь, 2021-жыл.
Премьер-министрдин резиденциясыдагы дрон чабуулунан кийинки кырдаал. 7-ноябрь, 2021-жыл.

Шайлоодон кийинки чыңалуу

Бул чабуул Иракта 10-октябрдагы парламенттик шайлоодон бери саясий кырдаал тынчыбай, жаңы өкмөт түзүлө элек учурда болду.

Шайлоодо жеңилип калган, Иранды жактаган саясий күчтөр утур-утур нааразылык акцияларын уюштуруп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып келишет.

6-ноябрда кезектеги демонстрациялар өтүп, полиция менен кагылышта бир киши мерт болгон жана ондогон адам жараат алган. Митингчилер премьер-министр Казымини "кылмышкер" деп аташкан болчу.

Багдаддын айрым тургундары жекшембидеги соңку чабуул өлкөдөгү саясий тирешти күчөтүп койбойбу деп камтама болуп турушат.

"Аль-Казымини бутага алуу саясий партиялардын ортосундагы пикир келишпестиктерге жол ачат жана кийинки өкмөттү куроо аракетин кечеңдетип коет", - деп билдирди Багдаддын тургуну Мустафа Сакар.

Иранды жактаган күчтөрдүн Багдаддагы акциясы. 5-ноябрь, 2021-жыл.
Иранды жактаган күчтөрдүн Багдаддагы акциясы. 5-ноябрь, 2021-жыл.

10-октябрдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Иранды жактаган "Хашд аль-Шааби" аскердик кошуунунун саясий бутагы деп саналган "Фатх" альянсы парламенттеги буга чейинки бир топ мандаттарынан ажыраган. Бул топтун тарапкерлери шайлоо жыйынтыгы "бурмаланганын" айтышып, үч жумадан бери "Жашыл аймактын" кире беришинде чатырларды тигип, нааразылык билдирип жатышат.

54 жаштагы премьер-министр Мустафа ал-Казыми мурда чалгын кызматында иштеген. Ал былтыр май айында өкмөттүн башына келген.

Ага чейинки премьер-министр Адил Абдул-Махди Ирактагы саясий коррупция жана коңшу Ирандын таасири сыяктуу бир топ маселелелерге байланыштуу узакка созулган нааразылык акцияларынан кийин кызматтан кеткен эле.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG