Ноокатта бала бакчанын сатылган жери мамлекетке кайтарылды

Бала бакчанын ичи. Алай району. Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат райондук прокуратурасы бала бакчанын мыйзамсыз сатылган жерин мамлекетке кайтарды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2005-жылы Ноокаттагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу "Арал" бала бакчасынын 18 сотых жери жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, бакчанын жери "Арал" дыйкан чарбасынын жыйынынын токтому менен сатылганы аныкталган.

Прокуратура бала бакчанын жерин кайтарып алуу боюнча сотко кайрылып, натыйжада соттун чечими менен баасы 3 млн сомдук 18 сотых жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Прокуратура тарабынан акыркы алты жылдан бери мамлекетке 100дөн ашуун бала бакча кайтарылып берилген. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Австрияда жаңы чектөөлөрдү утурлай вакцинага суроо-талап өстүИранда ири аскердик машыгуу башталды Ирактын премьер-министри дрон чабуулуна кабылдыКазакстан: шахтадагы кырсык боюнча комиссия түзүлдүШайлоо: Партиялардын тиреши күч алдыКоронавирустан дагы үч бейтап көз жумдуХьюстондо музыкалык фестивалдагы тыгылышта бир канча адам көз жумдуCOVID-19: Pfizer компаниясы PAXLOVID дарысы 89% жыйынтык берерин билдирди“Акаевге шакирт, Ташиевге устат болгом”