COP-26: Глазгодо он миңдеген киши демонстрацияга чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шотландиянын Глазго шаарында 5-6-ноябрда он миңдеген адам климаттык адилеттүүлүктү талап кылган демонстрацияга чыгышты. Алар Глазгодо өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинин катышуучуларынан планетаны сактап калуу жаатында куру сөздөн олуттуу ишке өтүүнү талап кылышты.