"Кумтөр иши": Дастан Бекешев күбө катары суракка чакырылды

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого талапкер болуп аттанган Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына 5-ноябрда суракка чакырылды.

Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирип, күбө катары барып, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип келгенин айтты. Бирок купуялуулукту сактоо боюнча кол коюп бергендиктен, сурактын чоо-жайын ачыкка чыгара албастыгын белгиледи. Аскер прокуратурасынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет.

Дагы караңыз

Бишкекте "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму башталды Салыкчылардын укуругун узарткан жаңы кодексБишкек "Талибанды" тааныбайт, Кабул менен сүйлөшөт Коронавирус күчөдү, эмдөөгө ишенбегендер көп