Бишкекте тигүү цехиндеги өрт наристенин өмүрүн алды

Бишкектеги тигүү цехтердин биринде чыккан өрт. 4-ноябрь, 2021.

Бишкектеги тигүү цехтердин биринде чыккан өрт. 4-ноябрь, 2021.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыгып, төрт жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, өрт бүгүн, 4-ноябрда катталып, түшкү саат 1:30да чектөөгө алынды. Каза болгон кыздын аты-жөнү такталууда. Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метрди түзөт. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп. 2020-жылы 1515 өрт катталган.

Анын кесепетинен 25 адам (2020-жылы 14 адам) каза таап, 36 киши жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук мүлк сакталган.

1248 өрт турак жайларда чыккан. Бул жалпы өрттүн 63,5 % түзгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанда миграцияга даярдаган борборлор ачылатCOP26: Дүйнөдө токойдун үчтөн бири жоголуудаНидерланддагы гезиттин кабарчысы Орусиядан чыгарылдыАба ырайы: Айрым аймактарда жаан, кар жаайт Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр 29-ноябрда кайра башталат