Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанда миграцияга даярдаган борборлор ачылат


Иллюстрациялык сүрөт. Москва, Орусия.
Иллюстрациялык сүрөт. Москва, Орусия.

Орусия 2022-2025-жылдар аралыгында жумушчу күчүнүн негизги донор - өлкөлөрү болгон Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда миграцияга даярдоо боюнча борборлорду ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын экономика министринин орун басары Дмитрий Вольвач билдирди. Маалымат министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Анда аталган өлкөлөрдүн жарандары миграциялык кызматтардын толук топтомун ала алат жана "Орусияга жашоо жана иштөө үчүн документтердин толук пакети менен" бара турганы белгиленген.

Министрдин орун басары өкмөттүн "Орусия - окуу жана иштөө үчүн жагымдуу өлкө" аттуу демилгесинин алкагында бул өлкөнүн эмгек рыногуна кирүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар көрүлө турганын айткан. Муну менен 2030-жылга чейин мыйзамдуу иштеген чет элдиктердин санын 3,5 миллионго чейин жеткирүүнү пландап жатат.

"Негизги аракеттер жашоосун жана карьерасын Орусия менен байланыштырууну пландаган жаштарды өлкөгө тартууга багытталат", - деп айткан министрдин орун басары.

Маалыматка караганда, бул аракеттердин натыйжасында 2024-жылы чет өлкөлөрдө орус тили мугалимдеринин саны төрт эсеге көбөйөт (150дөн 618 мугалимге чейин). Натыйжада 2030-жылга чейин Орусияда билим алган чет элдик студенттердин санын жыл сайын 1,5 эсеге (300 миңден 450 миңге чейин) көбөйтүүнү пландоодо. Алардын ичинен эң таланттуулары (5% ашпаганы) гранттык жардам алып, жашоого уруксат ала алышат. Ошондой эле, жогорку квалификациялуу адистерди (HQS) жана инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда кыргызстандык мигранттардын саны 600 миңден жогору, бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG