3-4-ноябрь күндөрү Кыргызстанда ондон өрт кырсыгы катталды. Басымдуу бөлүгү турак-жайларда чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
4-ноябрда Бишкектеги тигүү цехинде чыккан өрт төрт жашар наристе кыздын өмүрүн алды.
ӨКМ өрткө үйлөрдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды этияттыкка чакырууда.
Кыргызстанда 3-4-ноябрда кар жаап, күн сууктаганына байланыштуу меш, жылыткыч колдонгондор көбөйдү. (ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанда миграцияга даярдаган борборлор ачылатCOP26: Дүйнөдө токойдун үчтөн бири жоголуудаНидерланддагы гезиттин кабарчысы Орусиядан чыгарылдыИрандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр 29-ноябрда кайра башталатУкраинада COVID-19ду жугузуп алгандар эң жогорку чекти көрсөттүӨзбекстанда соцтармактарга бөгөт койгон жетекчи кызматтан алындыКыргызстан "Талибан" тобун азырынча тааныбайтКара-Кече көмүр кенинде жер көчүп, экскаваторду басып калдыЭл каттоо 2022-жылы жазында болот