Бишкекте көчөлөрдү 37 машина тазалап жатат

Бишкектеги биринчи кар. Иллюстрациялык сүрөт.

4-ноябрга караган түндө жааган кардан борбор калаанын көчөлөрүн тазалоо үчүн "Тазалык" ишканасынын 37 машинасы иштеп жатат. Анын ичинен 28и кар тазалоочу атайын техника, алардан тышкары жолго кум-туз чачуучу тракторлор иштөөдө. Таң атканча жалпы 354 тонна туз себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

"Тазалык" жана "Бишкекзеленхоз" ишканаларынын 657 кызматкери көчөлөрдү кардан тазалоого тартылган.

3-4-ноябрда жааган кардан көчөлөр тазаланбаганына нааразылыктар соцтармактарга жарыяланган.

Синоптиктер 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктап, натыйжада кар жаашы күтүлүп жатканын маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2-ноябрь күнү атайын телефонограмма аркылуу Жарандык коргонуу кызматтарына, облустук жана шаардык бийлик ээлерине жеткирилгенин, ал эми калкка СМС билдирүүлөр аркылуу маалымат жиберилгенин кабарлоодо.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда соцтармактарга бөгөт койгон жетекчи кызматтан алындыБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында (U-23) финалга чыктыБаткен коогасы: Ак-Таштагы кара такЭлектр жарыгы: Бийликтин убадасы аткарылабы?Казак тектүү Омарова АКШда жогорку кызматка сунушталдыСибирде беларустук Ан-12 учагы кулаганы маалымдалдыВаршава Минскиден чек арадагы окуя боюнча түшүндүрмө талап кылдыКлиматтын таасири: Баткендеги аргасыз мигранттарКазакстанда азык-түлүк жана бензин кымбаттады"Талибан" чет элдик валютаны колдонууга тыюу салдыШайлоо: Талапкер Равшан Жээнбеков абакта калды