COVID-19: Жаңы 91 учур катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

4-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 91 адам катталды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, оору жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада:

  • Бишкек - 42
  • Чүй облусу – 22
  • Ош облусу – 4
  • Талас облусу - 3
  • Ысык-Көл облусу – 14
  • Жалал-Абад облусу –2
  • Баткен облусу - 4


Нарын облусунда жана Ош шаарында вирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 590 адамга жетти.

Акыркы суткада илдеттен үч киши көз жумду. Штабдын белгилешинче үчөө тең вируска каршы эмделбегендер. Жалпы 2679 адам коронавирустан каза тапты.

Ушул тапта ооруканада 653 адам, 782 бейтап үйдөн дарыланып жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда соцтармактарга бөгөт койгон жетекчи кызматтан алындыБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында (U-23) финалга чыктыЭлектр жарыгы: Бийликтин убадасы аткарылабы?Сибирде беларустук Ан-12 учагы кулаганы маалымдалдыВаршава Минскиден чек арадагы окуя боюнча түшүндүрмө талап кылды"Талибан" чет элдик валютаны колдонууга тыюу салдыКазакстанда азык-түлүк жана бензин кымбаттады