Президент Жапаров бир катар дүйнө лидерлерине жолукту

Садыр Жапаров жана Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бир катар мамлекеттин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир, Армениянын президенти Армен Саркисян жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы жолугушууларда лидерлер эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Президент Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушууда суу энергетикалык потенциалынын 15% гана пайдаланып жатканын белгилеп, өлкөдө 200гө жакын кичи жана 30 ири ГЭС курууга болорун билдирген.

"Эгерде биз бул ГЭСтерди курсак, анда Кыргызстан толугу менен электр энергиясына өтүп, мазут же көмүрдөн баш тарта алат”, - деди.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрөт.

Глазгодогу саммит алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекет башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан. (TSh)

Дагы караңыз

Facebook Казакстанга ички системасын колдонууга укук бергени кабарландыПрезидент Жапаров шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлык чыгардыCOP26: Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрөтCOP26: Глазгодо дүйнө лидерлеринин саммити башталды"Кыйноолорго каршы коалиция" БУУга өзүнчө баяндама даярдады