Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:47

COP26: Глазгодо дүйнө лидерлеринин саммити башталды


Глазго конференциясы расмий түрдө жекшемби күнү ачылган, 31-октябрь 2021-жыл.
Глазго конференциясы расмий түрдө жекшемби күнү ачылган, 31-октябрь 2021-жыл.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Улуу Британияга келди. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бар.

Дүйшөмбүдөгү саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн британ премьери Борис Жонсон дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүн токтотуу үчүн убакыт аз калганын айтты.

“Биздин ишибизге баа бере турган балдар жана алардын балдары азырынча төрөлө элек. Жаңы муун келгенге чейин негизги көңүл бизге бурулуп турат. Биз өз милдетибизди аткара албай калбашыбыз керек. Эгер андай болсо, келечек муун бизди кечирбейт”, - деди Жонсон.

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган СOP26 деп аталган эл аралык конференциясынын расмий ачылышы жекшемби күнү болгон. Дүйнө лидерлеринин жыйыны 12-ноябрга чейин созула турган конференциянын алкагындагы эң ири иш-чара болуп саналат.

Глазгодогу саммиттин алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин башчылары климаттын өзгөрүшүн алдын алуу маселесин талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG