Акылбек Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди

Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди.

Өкмөттөн билдиришкендей, эскертүү милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн берилген.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик билдирип, кызматтан алууну сунуштаган. (МТа)

Дагы караңыз

Жанын кыйган жигит, депрессияга түшкөн коомКечки Азаттык (3-чыгарылыш) БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылатПрезидент статс-катчылар институтун жойгон мыйзамга кол койду