Ирандын чабарманы Еврошаркеттин өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууну талкуулайт

Иран жана дүйнөлүк алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөн мейманкана. Вена, июнь 2021-жыл

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөгү чабарманы Али Багери Кани 26-октябрда Брюсселде Еврошаркеттин өкүлү Энрике Мора менен жолугушканы жатат. Канинин Твиттерге жазганына караганда, тараптар “конкреттүү жыйынтыкка алып келчү талкууларды жандантуу” аракетин көрөт.

Сүйлөшүүлөр июнда Ирандагы президенттик шайлоону эскичил саясатчы Ибрахим Раиси жеңгенден кийин токтоп калган. Батыш өлкөлөрү жараяндын жанданышы кечеңдеп жатканына каматамачылык билдирип келет. Өткөн жумада Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелл Тегерандагы жаңы бийликте сүйлөшүүлөргө даярдануу үчүн убакыт жетиштүү болгонун айткан.

АКШнын Иран боюнча чабарманы Роберт Мэлли Вашингтон Ислам жумурияты өзөктүк программасын алдыга жылдыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жандандырууну атайлап создуктурушу мүмкүн деп 25-октябрда билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

Быйыл Венада Иран жана дүйнөлүк алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алты айлампасы өткөн.

Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров кыздарга өзүнчө спорт комплекси куруларын билдирдиАйрым салыктар кыскарып, мүлк жана жер салыгы бириктирилетАба ырайы: жаан жаабайт, жылуу болотCOVID-19: Арменияда каза тапкандар көбөйдү