Лейлектин акими шайлоого аралашканы үчүн кызматтан четтетилди

Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов шайлоо бүткөнгө чейин кызматынан четтетилгенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, шайлоо маселесинде кайсы бир талапкерге же партияга жан тарткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу жаза каралат. Лейлек районунун акими кызматынан четтетилип, Исфана шаар мэрине сөгүш берилди.

“Президенттин шайлоону таза өткөрүү демилгесин ишке ашыруу багытында кайсы бир бийлик өкүлү шайлоого аралашканы, добуш сатып алгандар же добуш сатканын далилдер менен кармаган укук коргоо кызматкерлерине сый акы да уюштуруп жатабыз”,- деди Акылбек Жапаров.

Бул тууралуу президенттин расмий сайты да жазды.

Президент Садыр Жапаров 22-октябрда жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, "Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырган. Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартылат деп убада берген.

23-октябрда президенттин маалымат жыйынында "акимдердин бирөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүт жүргүзгөнү" тууралуу маалымат айтылган эле.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 28-октябрда аяктап, 29-октябрда үгүт иштери башталат. (JsA)

Дагы караңыз

Тамакка уулангандар 280ден аштыБишкектеги соода борборунда аялын сабаган жаран кармалдыАкылбек Жапаров кыздарга өзүнчө спорт комплекси куруларын билдирдиУКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалдыКыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады