Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Тамакка уулангандар 280ден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 282ге жетти. Ооруканада жаткан 60 кишинин 18и жаш балдар. 27-октябрга карата алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Калгандары үйлөрүндө дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда "Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты.

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында жапырт уулануу учурлары буга чейин да катталган. Эки жыл мурун Бишкектеги "Ала-Тоо" тойканасында жүздөн ашуун адам ууланган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG