"Кара май баасы жогорулаган күндө да кымбаттоо 10 сомго жетпейт", - деп билдирди бүгүн, 26-октябрда “Кабар” улуттук агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков.
Ал журналисттердин бензин баасы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Орусиянын дүң базарында баа 100% ашуун деңгээлде жогорулап жатканын, кечээ кара май ташыган ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлгөнүн айтты.
Тайлаковдун белгилешинче, баанын негизсиз жогорулашына жол берилбейт:
“Баанын чукул жогорулашына мындан ары жол бербөө боюнча иш жүргүзөбүз. Эгер кымбаттаган күндө да, алар айтып жаткандай, 10 сомго жогорулабайт”.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу 21-октябрда “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Ирактан кайтарылган кыргызстандык балдар тууралуу маалымат берилдиИлбирстин санын аныктоо: Кыргызстан жаңы системага кошулдуПрезиденттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлдүЭл аралык арбитражда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо планы бекитилди