Пабло Пикассо тарткан 12 картина дээрлик 109 миллион долларга сатылды. 23-октябрда Лас Вегастагы аукциондо "Кызыл-саргылт берет кийген аял" (Femme au Beret Rouge-Orange) деген шедеври адегенде 20 миллионго бааланып, дээрлик 40 жарым миллион долларга кетти.
1938-жылы жаралган сүрөттө Пикассонун көп жылдардан берки музасы Мари-Тереза Валтер тартылган. Картинаны буга чейин 1980-жылы казино магнаты 900 миң долларга сатып алган экен.
Лас Вегастагы сатыкка ошондой эле кыл калем чеберинин 1959-жылы тартылган “Эркек киши менен бала” деген картинасы коюлган.
Дагы караңыз
Германия Польша менен чек арасына аскерлерин жөнөттүАКШ визасын алууну көздөгөн орусиялыктар "үй-жайы жок улуттардын" тизмесине киргизилдиОрусия АКШнын виза берүү шарттарын сынга алдыАнтикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди