Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди


Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 25-октябрда кабарлады. Кеңештин курамын президент анын башкы катчысынын сунушу менен бекитет.

Расмий маалыматка караганда, кеңешти президент Садыр Жапаров өзү жетектейт. Баш катчысы Нурипа Муканова. Мындан сырткары курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, баш прокурор, Улуттук банктын төрагасы, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирди.

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык кеңеш жемкорлукка каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында быйыл 8-июлда түзүлгөн. Аталган кеңешке акыркы үч айда 19 кайрылуу түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG