CPJ өзбек бийлигин "Озодликтин" журналисттерине болгон коркутууларды иликтөөгө чакырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өзбек бийлигин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлерине болгон коркутуп-үркүтүүлөрдү токтоосуз иликтөөгө чакырды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлеринин дарегине соңку күндөрү түшкөн "акылга сыйгыс жана жийиркеничтүү" коркутуп-үркүтүүлөргө бийлик так реакция жасашы зарыл", - деп жазылат баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 21-октябрда тараткан билдирүүдө.

16-октябрда радионун өзбек кызматынын ("Озодлик" радиосу) "Телеграм" каналы анонимдүү колдонуучулардын чабуулуна кабылган. Жарым саат ичинде радионун кызматкерлерин, алардын жакындарын өлтүрүп, зордуктап кетүү сыяктуу жосунсуз ондогон коркутуп-үркүтүүлөр түшкөн. Ал билдирүүлөр порнографиялык элементтер менен коштолгон.

Баарында "Озодликтин" башкы максаты Өзбекстанда кутум уюштуруп, ызы-чуу салып, президентибизди дискредитациялоо" деп жазылган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай онлайн коркутууларды "жийиркеничтүү" деп атап, расмий Ташкентти көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы колдонулган коркутууну токтотууга чакырды.

24-октябрда өтчү президенттик шайлоону утурлай Өзбекстанда блогерлерди жана журналисттерди куугунтуктоо күч алды. Мамлекетти башкарууга талапкер болгон беш кишинин арасында азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар. Ал экинчи мөөнөткө ат салышууда.

Дагы караңыз

Жемкорлукка айыпталган чек ара кызматынын жетекчилери бир айга камалдыОндогон мамлекеттер Кытайды Шинжаңга байкоочуларды киргизүүгө чакырыштыТогуз-Тородо автоунаалар жүргүнчүлөрү менен кар алдында калдыАкылбек Жапаров бензиндин баасы эки айдан кийин турукташарын билдирди