Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Ондогон мамлекеттер Кытайды Шинжаңга байкоочуларды киргизүүгө чакырышты


Шинжаңдагы мусулман азчылыктар кармалган жайдын сыртында турган полиция кызматкерлери.
Шинжаңдагы мусулман азчылыктар кармалган жайдын сыртында турган полиция кызматкерлери.

Ондогон мамлекеттер Кытайды адам укуктарына көз салган байкоочуларга Шинжаң районуна кирүүгө уруксат берүүгө чакырышты.

21-октябрда 43 мамлекет кол койгон декларацияда көз карандысыз байкоочуларга, анын ичинде Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссарына Шинжаңга "токтоосуз жана тоскоолдуксуз" кирүүгө уруксат берүү чакырыгы камтылган.

Ошондой эле, документте мамлекеттер ишенимдүү маалыматтарга таянуу менен Шинжаңдагы кырдаалга тынчсызданып жатканы белгиленет. Улуттар Уюмунда Франциянын өкүлү окуп берген декларацияда Шинжаңдагы уйгурларга жана башка улуттук азчылыктардын өкүлдөрү адам чыдагыс кыйноолорго, анын ичинде сексуалдык зордуктоого, стерилизацияга кабылып жатышканы жазылган.

Кытайдын БУУдагы элчиси Чжан Цзюнь айыптоолорду четке кагып, муну "Кытайга залака келтирүү максатында жасалган кутум" деп атады.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Шинжаңда эки миллиондой уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктары "саясий тарбиялоочу лагерлерде" камалып жатышканын билдирип келишкен. Кытай ал жайларды "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG