COVID-19: Латвияда бир айлык карантин киргизилди

Латвияда коронавируска каршы дарылаган ооруканадагы бейтап жана дарыгерлер.

Латвияда коронавирус күч алып, инфекцияны жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү үч миңге жеткенине байланыштуу бир айлык карантин киргизилди. Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча европалык борбор билдиргендей, калктын санын алганда Латвия ушул тапта Европадагы коронавирус катуу жайылган мамлекет.

Латвия калкынын жарымы гана эмдөөдөн өткөн. Өкмөттүн вакцинация кампаниясы анча ийгиликтүү болгон жок.

Ал арада Болгарияда соңку айда коронавирус менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 30% өстү. Мындан улам ооруканаларда өтө шашылыш эмес хирургиялык операциялар кийинкиге жылдырылды.

Болгариядагы чоң адамдардын төрттөн бири гана толук эмдөөдөн өткөн. Баш калаа София жана башка шаарларда вакцина сертификатына каршы жүздөгөн кишилер акцияга чыгышкан. Бул өлкөдө эмдөөсү жок көп мекеме-жайларга кирүүгө тыюу салынган.

Дагы караңыз

Акыйкатчы кеңсесинин Өзгөндөгү жыйынында диний көйгөйлөр көтөрүлдүБишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кармалдыКоронавирус дагы 125 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду